Москвада «Новая газетанын» журналисти Али Феруз кармалды. «Медиазона» агенттигинин маалыматы боюнча аны тек-жайын тактоо үчүн редакциянын тушунда токтотушуп, андан соң полиция бөлүмүнө алып кетишкен.
Июндун башында орус бийлиги Өзбекстан жараны Ферузга (чыныгы ысымы Худоберди Нурматов) убактылуу башпаанек берүүдөн баш тартканы белгилүү болгон.
2012-жылы Али Феруздун паспортун уурдап кетишкен. Документтерин калыбына келтирүү үчүн ал мекенине бара албайт. Нурматовдун айтымында, Өзбекстанда аны террордук уюмдар менен кызматташат деген айып менен камоосу мүмкүн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ