Menu

Тажикстанда көрүстөн талкалаган киши айыппул менен жазадан кутулду

Бөлүшүү:

Бохтар районунун жашоочусу Дилшод Давлатбеков Хурсанди кыштагындагы көрүстөндү талкалагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 15 миң сомони ($1600)айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Тергөө Дилшод Давлатбеков мүрзөдөгү 28 эстелик ташты талкалаганын аныктаган.

Жергиликтүү тургун “Өлгөн кишинин сөөгүн жана алардын көмүлгөн жерин кордоо” беренеси боюнча күнөөлөндү. Сот Дилшод Давлатбеков күнөөсүн моюнга алып, кечирим сурагандыктан айыппул чегерилгенин билдирди.

Айыпталуучунун туугандары ал психикалык жактан жабыркай турганын айтышкан, бирок дарыгерлер Дилшоддун саламаттыгы таза экенин аныкташкан.

Айыппулду төлөө үчүн апасы уюн, бир нече коюн сатып, 8 миң сомони топтогонун билдирди. “Айыппул чоң, бирок туугандардын баары жардам берүүдө. Тун балам дагы уюн сатты”,-деп билдирди Чинигул Давлатбекова.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: