Menu

Кыргыз Республикасынын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Б.Жусупов Венгриянын ТИМне ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 28-июлунда Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Бакыт Жусупов Венгриянын Тышкы иштер жана сырткы экономикалык байланыш министрлигинин Протокол Башчысы Истван Манного ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Б.Жусупов өзүнүн сапарынын алкагында Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча Департаментинин директору Виктор Цедеркиний жана аталган Департаменттин бөлүм башчысы Миклош Ленгель менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу келишимдерди аткаруунун маселелери, ага кошумча эки тараптын тышкы иштер мекемелеринин жетекчилеринин жолугушуусун натыйжалары тууралуу сөз болду. Эки тараптын ортосунда каралып  жаткан эл аралык келишимдер талкууланып, тараптар аларды ушул жылы кол коюуга даярдоо боюнча жумуштарды уланта берүү боюнча бекем ниетин билдиришти.

Болуп өткөн жолугушуунун жүрүшүндө Б.Жусупов Кыргыз Республикасы Венгрия менен эки мамлекет үчүн приоритеттүү багыттарда кызматташууга абдан маани бере тургандыгын өзгөчө белгилеп кетти. Буга байланыштуу ал кыргыз-венгер мамилеси соода жана инвестиция жаатында мындан ары да тереңдей бере тургандыгына үмүт артаарын билдирди.

Мындан тышкары Б.Жусупов менен Венгриянын соода жана эл аралык иштер Институтунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өтүп, анын алкагында КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын, ошондой эле  КР аналитикалык структураларынын ортосундагы кызматташтыкка байланыштуу маселелер талкууланды. Тараптар Институттун тиешелүү басылмаларында аналитикалык матеиалдарды жарыялоо маселелери боюнча тыгыз кызматташууга макулдашышты. Жана дагы кыргыз-венгер тарыхый байланышын изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, Венгриянын ТИМинин жана Институнун өкүлдөрү дипломатиялык мамилелердин башталышы менен куттукташты жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бекемделишин жөнгө салууга даяр экендиктерин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: