Президенттикке ат салышмакчы болуп жаткан Турсунбай Бакир уулу социалдык тармактардагы «жаш аял алып алды, педофилдик үчүн жоопко тартыш керек» деген өңдүү сын-пикирлерге жаны ачыды окшойт, акыры агынан жарылды. Бул туурасында фейсбук баракчасына: «Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында педофилияга каршы: Педофилдер өмүр бою эркиндигинен ажыратылат; педофилдерге мунапыс (амнистия) жана мөөнөттөн алдын шарттуу түрдө бошоп кетүү колдонбойт; соттолгон адамдар жашы жетелек балдарды тейлей турган уюмдарда, мекемелерде иштей албайт деген мыйзамдарды мен жазганмын. Эмне үчүн муну баса белгилеп жатам? Анткени, “оозуна ак ит кирип кара ит чыккан” менин жашоомо көзү жана ичи күйгөндөр жаш аялыма үйлөнгөнүмдү көрө албай мени “педофил” дешкенге чейин барышты. Жалаганы үйлөрүндө туз калбай калган окшойт, бирок көрө албастык кылып ушул күнгө чейин ачуусун баса алышпай жүрүшөт!))) Эгерде оозунда элеги жана мээсинде тормозу жоктор айткандай болсо мени өзүмдү-өзүм жазган мыйзамдар менен эле мага эч нерсе таппай жүргөн бийлик эчак эле камап салмак», – деп жазып чыкты. Күйгөнүнчө эле бар экен…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ