Menu

Арыкчырай Модрич “Алтын топтун ээси болду”

Бөлүшүү:

Футбол не деген керемет оюн. Аны эл аралык спорт аналитиктери бекеринен “Футбол – спорттун падышасы” деп атабаса керек. Баарынан да “Футбол – это безумное искусство” дегендеричи. Чынында эле ошондой!Футбол демекчи, аталган оюндагы эң мыкты булгаары чеберине арналган, аны даңктаган «Алтын топ» деген сыйлыгы бар. «Алтын топ» сыйлыгы жыл сайын бир жыл ичинде өзүнүн мыктылыгын көрсөткөн оюнчуга ыйгарылат. Адеп башында «жеңүүчү сөзсүз Европанын клубдарынын биринде гана ойношу керек» деген эреже киргизилген. 2007- жылы анын башкы эрежеси өзгөрүп, «жер планетасындагы бардык клубдардын мыктылары да сыйланат» болуп өзгөрүлгөн.

Бул даражалуу сыйлык журналист, «France Football» журналынын башкы редактору Ано Габриел тарабынан 1956-жылы негизделген. 2010-жылдан тарта аталган журнал менен ФИФА биргеликте иш алып бара баштайт. Анын акыркы сыйлыгын 2017-жылы Криштиану Роналду утуп, ошону менен ал 5-жолу мындай наамга ээ болгон. Ушуңдай эле көрсөткүч Лионель Мессиге да таандык. (Лев Яшин. «Алтын топ» сыйлыгынын тарыхында жалгыз дарбазачы. Ал окуя 1963-жылы болгон.)

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында «Эл аралык футбол бирлиги» (ФИФА) жылдын мыкnы оюнчусуна берилчү “ Алтын топ ” сыйлыгынын 10 талапкерлерин атаган эле. (Талапкерлерди таyдоо мөөнөтү 2017-жылдын 3-июль айывда башталып, 2018-жылдын 15-июлуна чейин жүргүзүлүлгөн.) Адатта ал сурамжылоого спорттук журналистер, улуттук командалардын машыктыруучулары жана капитандары катышат, добуш берет дегенибиз. Ошондо, жер бетиндеги далайлаган футбол чеберлеринин ичинен 10 мыкты делген оюнчулар суурулуп чыккан эле. Алар: Килиан Мбаппе (Франция/ПСЖ), Лука Модрич (Хорватия/Реал), Криштиану Роналду, (Португалия/Реал – Ювентус), Эден Азар (Бель-гия/Челси), Антуан Гризманн (Франция/Атлетико), Лионель Месси (Аргентина/Барселона), Кевин Де Брюйне (Бельгия/Манчесгер Сити), Мохамед Салах (Египет/Ливерпуль), Рафаэль Варан (Франция/Реал) жана Харри Кейн (Англия/Тоттенхэм).

Тандалган он мыктыга добуш берүү андан ары уланып, аягында Европанын футбол асссоциацияларынын бирлиги (УЕФА) 2017/18-жылдагы сезондун «мыкты футболчусун» аныктоодо чучу кулак кармашып, көпчүлүк добушта татыктуу делип ондон үчөө калат. Алар: “Ливерпулдун” жарым коргоочусу – Мохаммед Салах, “Реалдын” хорватиялык футболчусу Лука Модрич жана “Ювентустун” португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду. Ошентип кезектеги «Алтын топтун» ээси ким болот экен?» деген интрига акыркы учурга чейин болуп сакталып турду.

Мындан эки күн «Алтын топ» сыйлыгынын ким жеңүүчү экени аныкталды. Ага бул ириет Испаниянын «Реал» (Мадрид) клубунун жарым коргоочусу, Хорватия мамлекетинин курама командасынын капитаны Лука Модрич татыктуу болуп олтурат. «Алтын топ» байгеси Франциянын Париж шаарында тапшырылды. Ал эми «Алтын топ» сыйлыгын акыркы моментке чейин «мен алам» деген терең ишеничте турган португалиялык футболчу, учурда Италиянын «Ювентус» клубунун форварды Криштиану Роналду экинчи болуп калды. Ал эми үчүнчү орунга Франция курама командасынын «футболчусу жана Испаниянын “Атлетико” клубунун чабуулчусу Антуан Гризманн татыктуу болду.

Лука Модрич. Үстүбүздөгү 2018 -жылы Россияда болуп өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпионатында «Чемпионаттын эң мыкты оюнчусу» аталган. Анын өмүр таржымалына кайрылып көрсөк 5 жашар Лука геосаясаттын «желмогуз» оюндарынан улам Европадагы килейген Югославия мамлекети алтыга бөлүнүп, ал төрөлгөн Задар шаарында аесуз согуш жүрүп, бейкүнөө адамдардай эле ал дагы ата-энеси менен баш калкалоо үчүн Затон шаарына көчүп келгени айтылат. Бирок ошондой оор кырдаалга карабай кичинекей Луканы атасы аталган шаардагы футбол Академиясында окутуп, машыгуусу үчүн тапкан-ташыганынын бир топ бөлүгүн төлөп берип турган. Эми минтип ошол жигит дүйнөдөгү эң мыкты футбол чеберлеринин бирден-бири болуп олтурат. Бир сүйлөм менен мынтип айтып кеткен менен мындай даражага жетиш үчүн канчалаган мээнет, эмгек талап кылынганын айта турган болсок ал узун кеп. Лука Модрич футбол боюнча Дүйнө чемпионатында эки, Европа чемпионатынын эки жолку катышуучусу. Акыркы чемпионатта Модрич капитандык кылган Хорватия курама командасы Франция курама командасынан гана утулуп, байгелүү экинчи орунга ээ болгон. Антип белгилеп жатканыбыз, мындай жетишкендик Хорватиянын футбол тарыхында боло элегин айта кетели дегенибиз. Лука Модрич ФИФА версиясында 2016, 2017-жылдары футбол боюнча Дүйнөнүн символикалык курама командасынын курамына кирген. Бою 1метр 72 сантиметр, салмагы 66 киллограм. Ал азыр 33 жашта. Жалпылап айтканда Лука Модрич бул сыйлыкка чындап эле татыктуу болду, сылык ээсин тапты.

Автор: Жаңыбай Бакачиев

Булак: “Айгай пресс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: