Парламенттеги “Бир Бол” фракциясынан депутат Чолпон Жакупова мандатын тапшырганы жатканын ММКларга билдирди. Анын айтымында буга чейин “Эгер, Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам кабыл алынса мандатымды тапшырып кетем” деп убада берген соң кетүүгө туура келет экен. Ал парламентте эч кандай таасир болбогондугун, айткан-дегенине эч ким кулак салбаганын, демек кадыры жок кантип депутатмын деп жүрсө болоорун айтыптыр.
Ал буга чейин укук коргоочу катары таанымал болуп, “Адилет” укуктук клиникасы аркылуу жалаң чуулуу иштерге катышып келгенин билебиз. Демек эми кайрадан ошол ишин улантууну колго алчудай. Демек эртең Азимжан Аскаровдун же Бектур Асановдун укугун коргоп чыкса таң калбайбыз деле…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ