Menu

Доктор Апастан башкасы баары келишти

Бөлүшүү:

Кыргыздар хандын тактысына өлө шилекей чуурутат. Бечели, чыйрыккандан жөтөлгөнү, байбачасы, мартабалуусу да ошол алтын менен карматылган тактыга отурууга куштар. Тизмени тиктесең негедир шайың оой түшөт. Кембагалдар, пенсиядагылар, саясатты оюнчукка айландыргандар, эптеп бирдемкени чөнтөгүнө шилеп алууга ниеттенгендер, жөн гана эл көзүнө калдайып көрүнүп калайын дегендер сапка тизилип алышыптыр. Аларга кыйын турбайбы деп суктангандар деле жок. Анткени орун деген бирөө. Аны буйруган киши бөктөрүп кетет.

Бул жолку аламан жарышка аялзаты арбын катталды. Ичинде элге таанымалы да, ың-жыңы белгисиздер да жүрөт чокмолоктошуп. Эмнеси болсо да “винегрет” салатындай болуп жатып калышты. Атаганат, бул ирет доктор Апасты каттабай салышыптыр. Күйгөн бутун көтөрүп аябай капа ал киши. Илгеркилердин ичинен кайра эле фермер Өмүрбек Бөлтүрүковду тизмеден жолуктурдук. Анын хайхайы каерге чейин жетерин көрө жатарбыз. Баса, “Кичинекей Путин” деген атка конгон Акбаралы Айтикеевди коомчулук унута электир? Ошол талапкер да эми жоргосун кайкалатат.Сагынбек менен Туйгунаалынын дүбүртү каерге чейин жетерин деле билиш кыйын го?”Кош жылдызга” теңелген Камчыбек менен Акматбектин дуэти топ жара аларын саресепке салабыз. Өзүнчө кеткен Адахан Мадумаров эмненин ичинен чыгарын азырынча жан адам билбейт.

Арийне, өзгөчө белгиси бар жорго мингендер деле коомчулукта резонанс жаратты десек жалганы жок. Боз чаңдын артында атаандаштарын калтырууга айрыкча Өмүрбек Бабанов жанын карч урууда. Бүткүл ички, тышкы резервин жумшоого далалат кылары турган иш. Анткени бир райондун элин кырк жыл багууга жараган көлөмдөгү каражат кеткени турат. Мынча каражатты бир миллион адам өмүр боюу иштеп табалбайт. Демек, “конго” олчойгон акча коюлду. Ар түркүн кептен жүлүнү зыркырап турган талапкердин түн уйкусу бузулуп турган кез. Ал эми башкаруучу партиядан тандалган талапкер Сооронбай Жээнбековдун азырынча басыгы жөндүү болгон тейде. Кыска мөөнөттө арбын иш бүткөрүүнү чектеп, салабаттуу кадамын таштоодо. Барган сайын колдоочулары калыңдап баратканы оң төлгө болуп тартылууда. Айтор, учурдагы кырдаал азырынча ушундай өңүттө.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: