Кошмо Штаттар Орусия менен Беларустун «Батыш-2017» деп аталган аскердик машыгууларга даярдануусуна тыкыр көз салууда.
АКШнын Европадагы күчтөрүнө командачылык кылган генерал Жон Хили Москва аскердик машыгууларга даярдык көрүү иштерине батыш байкоочуларын чакырбай, “ачык болбой жатканын» билдирди. Анын айтымында, Кошмо Штаттар менен НАТОнун Кара деңиз аймагында болгон жакындагы машыгууларына Орусиянын өкүлдөрү чакырылган.
Генерал Орусия тараптан коркунуч жараткан агрессивдүү аракеттердин өсүп жатышына жооп катары 2018-жылы АКШ НАТОдогу союздаштары менен бирге 11 ири машыгуу өткөрүүнү пландап жатканын айтты.
Мурдараак 14-20-сентябрь күндөрү Орусия менен Беларустун аймактарында өткөрүү белгиленген «Батыш-2017» машыгууларына 13 миң жоокер жана 680 аскер техникасы тартыла тургандыгы кабарланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ