Menu

«Хизб ут-Тахрирдин» Кыргызстандагы аялдар канатынын башчысы кармалды

Бөлүшүү:

Ошто 33 жаштагы аялга «Ислам мамлекетинин» ишмердүүлүгүнө кол кабыш кылган деген айып тагылып, кылмыш иши козголду. Ал тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний уюмунун Кыргызстандагы аялдар түйүнүнүн жетекчиси экени да аныкталды. Адистер аялдардын радикалдашуусу тымызын кулач жайып бара жатканын белгилешүүдө.

33 жаштагы Шаира 2015-жылы жай айларында Сирияга баратат деген шек менен Ош-Стамбул каттамындагы учактан түшүрүлүп калган. Анда жарандарды Сирия жана Ирактагы согуштарга азгырып, жиберип жүргөн деп шектелип дагы үч адам кармалган. Шаира болсо ал иште күбө катары өтүп, далилдердин жоктугунан улам кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитовдун айтымында, Шаира ошондон бери укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болгон.

«Жакында ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тыюу салынган ИМ тобунун жана «Таухид вал-Жихад» агымынын үгүт, чакырык баракчаларын таркатып жүргөн жеринен кармалган. Кармоо учурунда анын жанынан жана тинтүү мезгилинде үйүнөн тыюу салынган диний-экстремисттик адабияттар, дисктер табылган. Ал материалдар боюнча теологиялык экспертиза жүргүзүлүп, анын корутундусуна ылайык, 18-ноябрь күнү ага кылмыш иши козголгон. Ошондой эле ал экстремисттик “Хизб-ут Тахрир” кыймылынын Кыргызстандагы аялдар канатын жетектеп келгени да аныкталган», — деди Сеитов.

КМШ уюмунун антитеррордук борбору акыркы жылдары аялдардын диний радикализмге берилүүсү 24% көбөйгөнүн маалымдоодо. Бул көрсөткүчтүн ичинде кыргызстандык аялдар да бар. Байкоочулар буга өлкөдө диний көз караштагы аялдар менен иш жүргүзгөн расмий уюмдар жоктугун себеп кылышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: