Menu

Казакстандык укук коргоочу өмүрү үчүн кооптонуп Парижге чыгып кетти

Бөлүшүү:

Укук коргоочу жана журналист Рамазан Есергепов учурда Парижде. Бул тууралуу бүгүн ал өзү «Азаттыктын» казак кызматына телефон аркылуу билдирген. Айтымында, ал 14-майда белгисиз адамдардын кол салуусуна кабылгандыктан жана акыркы кездери анын айланасындагы абал курчуп жаткандыктан улам Казакстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Ал ошондой эле күч органдарынын акыркы аракеттеринен бийлик ага каршы кылмыш ишин козгошу мүмкүн деген жыйынтыкка келип, эркиндиги үчүн дагы чочулаганын билдирди.

Есергеповдун айтымында, Парижге ал 3-августта барган. Анын жоголуп кеткендиги тууралуу достору эки күн мурда билдиришкен. Анда анын каякта экендигин мамлекет тарабынан дайындалган күзөтчү дагы, туугандары менен полиция дагы айтып бере алышкан эмес.

Рамазан Есергепов акыркы жолу полиция тарабынан 1-августта, анын бир катар мамлекеттик орган жетекчилерине каршы жазган аппелляциялык арызы карала турган Алматы шаардык сотунун имаратынын алдында кармалган. Ошол эле күнү полиция журналистти 29-июлда Алматыда саясий туткундарды коргоо боюнча уруксат берилбеген жүрүштү уюштурган деп айыптап, ага карата административдик укук бузуу боюнча протокол түзө баштаган. Бирок шейшембиде Есергепов өзүн жаман сезип баштагандыктан ага медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө кое берилген. Эртеси 2-августта журналистти Алматыда жашап жүргөн үйүнөн таппай калышкан.

«Алма-Ата Инфо» гезитинин башкы редактору болуп иштеген Рамазан Есергепов 2009-жылы 8-августта Тараз шаардык соту тарабынан мамлекеттик сырларды ачыкка чыгарууга күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Анда Есергепов саясий негиздер менен соттолгонун билдирип, айыптоолорду четке каккан. Анын ишин караган БУУ комитети журналисттин пайдасына чечим чыгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: