Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү тууралуу Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 13-ноябрында кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте депозитарий болуп саналган Глобалдык жашыл өсүш институтунун катчылыгынын Башкы директоруна 2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү тууралуу Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы жөнүндө грамотаны депонирлөөгө тийиш.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ