Menu

Кожо көрсүн үчүн иштейби?

Бөлүшүү:

Экологиялык жана технологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Канатбек Муратбеков деген бар. Канат мырза бул кызмат ордуна чейин Нарын областын башкарган. Жетекчилик кызматка бардык тепкичтерди басып өтпөй туруп эле, бизнестен түптүз бакандай губернатор болуп чыга келген. Капчыгы калың Муратбеков акчанын күчү мененби же чындап эле ак иштедиби, айтор губернатор катары атын жакшы жагына чыгарганы чындык. Андан кийин энергетика министринин орун басары болуп иштеди.Тиши өтпөдүбү же ишти алып баруу кыйынга турдубу ким билсин, өз каалоосу менен ишин тапшырган. Андан кийин 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жаңы түзүлгөн «Кыргызстан» саясий партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, эки айдан кийин азыркы тапта ээлеп олтурган кызматына секирген. Алгач жакшы иштеп жаткандай түр көрсөткөнү менен, ишине көнүшүп, ары-жак бери-жагын өздөштүргөн Канат Камбарбекович кызматын бизнеске айлантып, акчаны оң чөнтөк, сол чөнтөккө күрөп жатканын жанында жүргөндөр айтышууда. Кечээ жакындагы эле Ысык-Көлгө машинасы менен түшкөн казак жаранына 1000 сом айып төлөттүргөнүнө эрдик кылгандай сүйүндү. Коомчулук минтип айып төлөтпөй эле койбойбу, кожо көрсүн мамиле кылбай дешип сындашууда…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: