Menu

Сооронбай Жээнбеков: Өкмөт табигый кырсыктан жабыркаган жарандарга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү улантат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү табигый кырсыктан жабыркаган жарандарга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү улантат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-августта, Ош облусунун Чоң-Алай районунда 2017-жылдын 3-5-майында орун алган жер титирөөнүн кесепетинен кыйраган социалдык обүектилерди калыбына келтирүү боюнча министрликтер менен ведомстволордун жүргүзгөн иши менен таанышуу учурунда билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Шибээ жана Кулчу айылдарындагы ар бири 150 окуучуга эсептелген  жалпы орто билим берүүчү мектептердин капсула салуу иш чарасына катышты.

Өкмөт башчы белгилегендей, өткөн жылдарга салытырмалуу өлкөдө социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр жакшы жагына өзгөрдү. Бул социалдык чөйрөгө жана инфраструктуралык долбоорлорго чоң көңүл бурууга мүмкүнчүлүк түздү.

«Бул мектептерде республиканын жаш муундары тарбияланарына жана  алар өз элинин, мамлекеттин келечеги үчүн кызмат кылат деп ишенем», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей, быйылкы жылы социальдык обүектилерди курууга бюджеттен «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 5,9 млрд. сом бөлүндү, анын ичинде сезилээрлик бөлүгү  мектептерди ремонттоого жана курууга багытталды.

Сооронбай Жээнбеков негизги көңүлдү курулуш нормаларын жана эрежелерин сактоонун зарылдыгына жана  курулушта  бардык талаптарга жооп берген атамекендик курулуш материалдарын колдонуу зарылдыгына бурду.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапарынын алкагында   Ош облусунун Чоң-Алай районунун жер титирөө орун алган айылдырдын жашоочулары менен жолугушту. Анда ипотекалык насыялоо жана кирпич жеткирүү маселелери көтөрүлдү. Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине  2017-жылдын 3-5-майында Ош облусунун Чоң-Алай районунда  орун алган жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган  жарандарга жетиштүү өлчөмдө кирпич жеткирүү зарылдыгы маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: