Menu

Ысык-Көл облусунун аймагында “Жүргүнчү” аталышындагы рейд жүрүүдө

Бөлүшүү:

Жүргүнчүлөрдүн катышуусу менен жол-транспорттук кырсыкка кабылуусун алдын алуу жана эскертүү максатында, андан сырткары, 5-август эл аралык жол чырак күнүнө карата Ысык-Көл облусунун ИИБнын сунушу менен “Жүргүнчү жана өтмөк” аталышындагы рейди өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Иш-чарага Ысык-Көл облусу боюнча Патрулдук милиция бөлүмүнүн туристтик маалга карата жол коопсуздугун камсыздоого арналып берилген бардык каражаттары менен күчтөрү тартылды.
Рейддин жүрүшүндө патрулдук милиция кызматкерлери өтмөктөрдүн жанынан айдоочулар менен жүргүнчүлөр жол кыймылынын эрежелерин бузбоо үчүн түшүндүрүү ишин жүргүзүштү. Жол эрежелерин атайын бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылышты.
Патрулдук милиция эскертет: Административдик жоопкерчилик кодексинин 235- жана 247-беренелеринин 1-бөлүмү боюнча өтмөктөн өтүү эрежесин бузган айдоочуларга 1000 сом, жөө жүргүнчүлөргө болсо 500 сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилет.
Кара-Кол ШИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы Толкун Дүйшембиев билдиргендей, облусттун борборунда жол кыймылынын тескөөчүлөрүнүн 5 тобу иштеп жатат. Рейд маалында жүргүнчүлөр тарабынан өтмөктөн өтүү эрежесинин сакталышына, айдоочулар жүргүнчүлөрдү өтмөктөн өткөрүүсүнө жана жүргүнчүлөргө жолду бошотуп берүү талабын аткарбагандарга ж.б. жол кыймылынын эрежесин бузгандарга өзгөчө көңүл бурулмакчы.
“Жүргүнчүлөр менен айдоочулар жол кыймылынын эрежесинин, жол чырактын, жолдун белгилеринин талаптарын сактоого милдеттүү жана билип жүрүүсү абзел”,- деп белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: