Menu

Камчыбек Ташиев: “Квартет Сариев, Бабанов, Жээнбеков менен да биригүүгө даяр”

Бөлүшүү:

Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Бакыт Төрөбаев жана Адахан Мадумаровдор биригүү келишимине кол коюшканын апта башында жар салышты. Алар жаңы саясий партия түптөп, Кыргызстандын президенттигине бирдиктүү талапкер чыгаруу ниетин ачык айтышууда. “элдин биримдиги жана таза шайлоо үчүн аракеттерин бириктирүүнү” максат кылган жаңы күч башка да коомдук-саясий күчтөрдү жана кайдыгер карабаган жарандарды катарына кошулууга чакырган эле, биринчи болуп бул чакырыкты кыргыздын дагы бир чыгаан уулу Элмурза Сатыбалдиев кабыл алып, буларга келип кошулду. Жаңы саясий биригүүнүн чоо-жайын билүү максатында биз “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын тең-төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылдык.

– Камчыбек Кыдыршаевич, жыл башында үч үлкөн саясатчы биригип, үчилтик жаралгандан бери атаандаштардын түн уйкусу бузулуп, сиздерди чачыратууга болгон күч-аракетин жумашаган эле. Бирок, үчөөңүздөрдүн тең президенттикке талапкер болуп чыгып алышыңыздар “үчилтик таркап кетти, буларды ыры бүттү!” деген кептерди жараткан. “Акыры биз күткөн ажырашуу да келди”- деп кубанычын койнуна жашыра албагандар да чыкты. Ошентип олтуруп эле бир күнү күтүүсүздөн үчилтик – “квартетке” айланып, чыга келдиңиздер. Бул жагдай далайынын түн уйкусун бузаары бышык. Билдирүүнү окудук. Бирок, чыныгы себеби эмнеде? Аягына чейин бир болосуздарбы?

-Сурооңуздун жыйынтыктоочу бөлүгүнөн баштасам эсиңиздердир, биз Адахан Кимсанбаевич, Ахматбек Келдибекович болуп жыл башында бириккенде да артыбыздан ар кандай ыплас ушактарды чыгарышты.

Бирок, биз көздөгөн максатыбыздан кайткан жокпуз. Ар кимибиз ез алдынча талапкер жылдырганыбыз да улам басым, куугунтук боло берип бышып бүткөн жаныбыз эртеңкиге кам көрдүк. Себеби, далай адамдар бизди сатып кетти, кандай азаптарга тушуктук. Ошондойду кайталап албаш үчүн улам шайлоо жакындаган сайын ар кандай тактикалык кадамдарга барып жатабыз. Биз башынан эле, үчөөбүз биригип, башкаларга да, “чачырабай, биригип иш кылалы, талашып олтуруп Кыргызстанды оорулуу кылып салдык, акылга келели, элди-журтту, келечекти ойлойлу”- деген чакырыкты таштадык. Себеби, кайсы жерге эл менен жолугушууга барбагын, сөзсүз түрдө – “бириксеңер боло, силердин бир болгонуңарды көрүп, кубанып, келечек бар экенине ишенели”,- деген сөздү угасың. Бизге Кыргызстандын эртеңки келечеги баарынан маанилүү. Ошондуктан, ички амбициябызды жыйыштырып коюп, мурдагы үчилтик эми минтип толук кандуу сиз айткандай, квартетке айланып олтурат. Биз терең ой жүгүртүп, элдин сөзүнө муюдук. Эл таламын ошентип аткарууга кириштик. Кудай буюрса, катарыбыз дагы да толукталса, биригип, коомубузду, эл турмушун жакшы жакка өзгөртүүгө дараметибизди жумшайбыз.

– Ошондо сиздерден ким президенттикке талапкер болуп чыгат? Жаңы партиянын аты кандай болот?

-Азыр эле сизге баарын ачыктап салсам да болбойт. Бул багытта жумуш жүрүп жатат. Биздин арабыздан бирибиз да озунуп, “мен гана болушум керек”- деген жок. Ошондуктан, чынымды айтсам, мен да кимди алып чыгарыбызды билбеймин. Партия кандай аталат, аны да угасыздар. Баары алдыда…

– Башка саясий күчтөргө чакырык таштадыңыздар. Ошондо азыр президенттикке шансы көп болуп турган Сариев, Бабанов, Жээнбеков менен да биригип кетишиңиздер мүмкүн экен да?

– Эгерде элибиздин эртеңкиси үчүн ушундай биригүү керек болсо, ага да барабыз. Мен башында белгилеп өткөндөй, бизди бир гана Кыргызстаныбыздын келечек турмушу кызыктырат. Элим эгемендик алгандан бери эле ар кандай саясатчыларга жем болуп келатат. Алданганы алданган. “Ошого чекит коёлу, туура саясий күчтүн бийликке келишине шарт түзөлү”- деп чуркап жатабыз. Ооба, айрымдар айтышы мүмкүн, “аймактык шартта гана биригип алышты”,- деп. Бирок, биз өзүбүздөн башташыбыз керек да. Өзүбүз бириге албай туруп, башкасын чакырсаң басып келеби? Көрөсүздөр, биздин катарыбыз эртеңки күнү республиканын бардык булуң-бурчтарынын чыгаан уулдарын камтыган жалпы элдик биримдик болот. Мен ага ишенем. Сурооңузга келе турган болсок, биз менен сүйлөшүүгө даярдыгын аты аталган талапкерлер билдирип жатышат. Бүгүн Сариев менен сүйлөшөбүз (маек кечээ даярдалган). Анан башкасын да угабыз. Башкысы – алар биздин шартыбызга көнүп, чындап элдин, жердин кызыкчылыгы үчүн иштеше алабы? Анын баары сүйлөшкөндө билинет. Эгер биз кеңири коомчулукту камтыган олуттуу саясий күч болуп, мындан да катарыбыз калыңдап, анан бир татыктуу адамды алып чыксак – элге утуш болот.

– Бардыгыңыздар оппозициялык саясатчысыздар. Ошондо сиздер бийликтин талапкери менен да сүйлөшүүгө барасыздарбы?

– Эмне, ал космостон түшкөн бөтөн планеталыкпы? Кыргызстанда жашап, иштеп, эл-жердин өнүгүшүнө салым кошуп келе жатат. Анан аны “сен бийликтин адамысың”- деп түртүп коюш керекпи? Бул адам да, баарыбыз сыяктуу Кыргызстандын өнүгүшүн каалайт.

Угуп көрөлү ой-пикирин. Бирок, сүйлөшүү жүрсө, ал эртең “биригип алабыз” дегендик эмес экенин так айтып коёлу. Дагы айтам – биз элибиздин эртеңки келечеги үчүн бириктик. Биз мына ошол жалпы элге күйүмдүү талапкерди алып чыгабыз, ага кепилдик берсем болот…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: