Menu

Жалал-Абаддын базарларында өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча рейд өттү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында жайгашкан базарларда өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча атайын рейд жүргүзүлдү. Жалал-Абад шаарынын маалыматтык борбору билдирди. Аталган рейдге Жалал-Абад шаардык мэриясынан, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспексиясы жана Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекетик кызматвнын кызматкерлери катышты.   Мында базардагы жеке менчик дүкөндөрдүн  алдындагы товарларларын жайып алгандарга жана жолго чыгып кеткен соодагерлерге түшүндүрүү  иштерин жүргүзүштү. Ал эми шаардык өрткө  каршы  кызматынын бөлүмүнүн  башчысынын орун басары Чынарбек Шекеновдун айтымында мындай рейд ушул жума ичи шаардагы бардык соода түйүндөрүндө  болмокчу.

“Бүгүнкү өткөргөн  иш чаранын негизги максаты жалпыга маалым болгондой жакынкы күндөрү Өзгөн районунда базар өртөнүп  кетип, бир топ адамдарга кыйынчылык жаралган. Ошол окуядан соң биз шаардык мэрияга кат жолдогонбуз. Андан коп узабай буйрук чыгарып ошол буйруктун негизинде соода түйүндөрүн текшерүүдөбүз. Ал эми алдыда мына ушул бир жуманын ичинде базарлардын барысын  толук текшерип чыгабыз”,-дейт орунбасар Ч. Шекенов.

Ал эми жыйырма жылдан ашуун убакыттан  бери борбордук  базардын ичиндеги дүкөндөрдүн   биринде соода кылган  Керез Жапакбаева төмөндөгүлөргө токтоло кетти.

“Азыркы учурда базардын тазалыгына, коопсуздугуна эч ким кызыкпайт. Мен 20 жылдан ашуун убакыттан бери айтам мына ушул базарда туруп бала-бакыраны баккандан кийин отурган жерибизди таза кармайлы анан товарды кочого чейин чыгарбайлы деп айта берип тилим тешилди. Акыры адамдар базарга өз соодасын кылганы келишет, үңкүргө  эмес. Мына ушул маселелерди көтөрүп  чыксам эле бирөөнүн  тууганы кыйын же таанышы мэрияда иштеп чыга келет. Ошондуктан өзүбүздүн  коопсуздугубуз үчүн  ар бирибиз эрежеге так болуубуз абзел”,-деди соодагер К. Жапакбаева.

Белгилей кетсек,  шаардагы соода-сакыт жүргөн базарлардын жалпы аянты 2гектарды түзөтт.  Мында 125 жеке менчик дүкөндөр  бар. Бир күндө  5000миңден ашык адам мына ушул борборбук базардан өз муктаждыктарын кандырып келишет.​​​​

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: