Menu

Президент болууну каалагандардын саны 25ке жетти

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, 14-июлга карата президенттикке талапкерлигин коюуну каалаган жарандардан 25 арыз келип түшкөн.

Маалыматка караганда, алардын ичинен төрт талапкерди партиялар көрсөтсө, калган 21и өзүн өзү көрсөтүшкөн.

Президенттик жарышка өзүн өзү көрсөтүү жолу менен барууну чечкендердин арасында учурда иши сотто каралып жаткан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен парламенттеги «Республика —Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов бар.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевдин айтымында, биометрикалык маалыматтарды тапшырган 2 млн 954 миң 547 шайлоочу бар. Алардын ичинен 26 миң 33 жаран каза болгондугуна жана 2964 жаран башка өлкөнүн жарандыгын алгандыгына байланыштуу тизмеден чыгарылган

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкерлигин коюуну каалаган жарандар БШКга 1-августка чейин арыз тапшырышы керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: