Menu

Казакстанда «жер митинги» боюнча соттолгон активист эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

2016-жылы апрелде Атырау шаарында өткөн жер маселесине байланышкан митингдерден кийин беш жылга соттолгон жарандык активист Талгат Аян 28-апрелде эркиндикке чыкты.

Кечээ Атырау шаарындагы темир жол бекетинде активистти тосуп алуу үчүн анын туугандары жана тарапташтарынан турган ондогон адам чогулду. Алардын айрымдары колдоруна «Үйүңө кош кел» жана «Талгат — биздин баатыр» деген жазууларды кармап алышкан. Чогулгандар Аянды кол чаап тосуп алышып, эми ушул эле иш боюнча соттолгон атыраулук дагы бир активист Макс Бокаевдин эркиндикке чыгышын күтүп жаткандыктарын айтышты.

Талгат Аян жаза мөөнөтүн жеңилдетүү тууралуу соттун чечиминен кийин эркиндикке чыкты. 13-апрелде Актөбө шаардык соту активисттин өтүнүчүн карап, анын өтөлө элек мөөнөтүн эркиндигин чектөө жазасына алмаштыруу чечимин кабыл алган. Прокуратура бул чечимге эч кандай каршылыгын билдирбегендиктен, соттун өкүмү күчүнө кирди.

Талгат Аян «Азаттыктын» казак кызматына эч кимден кечирим сурабаганын айтты. Ал «ырайым берүү» өтүнүчү менен кайрылгандан кийин эркиндикке чыгарылгандыгы тууралуу социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрдү четке какты.

Талгат Аян менен Макс Бокаев 2016-жылы ноябрда социалдык кастыкты козутуу, митингдерди өткөрүү тууралуу мыйзамды бузуу жана жалган маалымат таркатуу айыптары менен алты жылга эрктеринен ажыратылган. Бирок активисттер аларга карата кылмыш иши саясий негизде козголгонун билдиришип, айыптоолорду четке кагышкан. Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары Астананы бир канча жолу Бокаев менен Аянды бошотууга чакырышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: