Menu

Азаматтын сүйлөгөнү соцтармакты “сасытты”

Бөлүшүү:

Жаналиев Азамат аттуу “художник» Чыңгыз Айтматовдун портретин мык менен тартканда баардыгыбызга жаккан. Андан кийин ал баланын аты жакшы эле чыкты. Бир учурда элдин баардыгына “мен дүйнө жүзүн жөө басам” деп жарыялаганы болду. Күнүгө анын Балыкчыдан Бишкекке чейин басканы тууралуу атамекендик басмалар кадимкидей репортаждарды даярдап, эл болсо ага машинелеп азык ташып атты. Ошону менен бирок өчүп калды. Дүйнө эмес, коңшу Казакстанга жете алган жок. Жазында “Ала-Тоо” аянтында шамалдан желек түшүп калды деп, өзү түнү бою желеги менен туруп, анан таң ата электе эле, “мага ушул кызматым үчүн президент орден такса, баш тартпайм” дегенде, эл кичине шекший баштаган “бул бала патриот десек, атын чыгаргысы келген тура” деп. Икрам Илмияновдон 50 миң доллар доолап, УКМКга арыз жазганын, керек болсо Икрамдын душмандары да жактырган жок. “Атамбаевдин он миң долларлык портретин менден эки жарым миң долларга эле сатып алды” дегенде, кыргыздын аттуу-белдүү сүрөтчүлөрү арданышып, «биз жылдап таппаган акчаны, бул жаш бала мык кагып, жип байлап тапкысы келет” дешкенин кантип унутабыз. Монголия, Эмират, Казакстан өлкөлөрүнө барып, президент жана шейхтердин сүрөттөрүн тартуулап, ал үчүн он миңдеп доллар доолап жүргөнүн Азамат ачык айтканга неге батынбай жүрөт? Кечээ күнү «Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн эч ким сатып албай атат” деп айтып чыкканда, соцтармактардагы Азаматтын акыркы колдоочулары түкүрүнүп “бул эмне эле догурунат?” деп жаман көргөнүн жашырышкан жок.

Булак: “Жаңы Ордо” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: