Кыргызстанда коронавирус менен ооругандарды дарылоого кеткен чыгымдар эсептеле элек. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрель күнү КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
“Бүгүнкү күндө ар бир учурдан социалдык-экономикалык зыянды эсептөөгө жетишкен жокпуз. Коронавирустук инфекциясы бар бейтаптарды дарылоого жана медициналык жардамга кеткен чыгымдар Өзбекстандагыдай эле болушу мүмкүн” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ