Кечээ, 10-августта БШК абакта жаткан президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен сынак тапшыруу укугун камсыз боюнча маселени карады.
Буга чейин Бишкектин райондор аралык соту жана КР Жогорку соту: БШК талапкер Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен сынак тапшыруу укугун камсыз кылсын” деп соттук чечим чыгарган.
Бирок, кечээ БШК КР Жогорку сотунун чечимин аткарган жок жана талапкер Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен сынак тапшыруу укугун камсыз кылбоо боюнча өз чечимин чыгарды.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео: Сентябрь
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ