Menu

Кулматовду тизгиндөөгө кудурет жокпу?

Бөлүшүү:

«Кыргыз-Орус» өнүктүрүү фондун «эмип» аткан Кубанычбек Кулматов тууралуу анча жагымдуу эмес пикирлер коомчулукта козголуп эле келе жатат. Бирок, тагдырдын эрке баласы болгон Кубанычбек Мырза мындай кептерге «быш» этпей келет. Айтсак, анын 15 миң доллар өлчөмүндөгү айлыгы боюнча коомчулук бир ирет дуу болуп барып токтолгон. Айрымдар ар таңда кечке жете тургудай нанга акча табуунун түйшүгү менен алектенишсе Кулматов деген эргул «асмандан» түшө калып эле карапайым адамдар он жылда араң тапкан акчаны бир айда эле айлык катары алат экен. Анан да Жогорку Кеңештин жыйынына катышып жатып, депутаттардын «Канча айлык аласыз?» деген суроосуна «биздин айлыгыбыз коммерческий тайна»-деп былтыйган. Кимден, эмне үчүн айлыгын жашырып атканын өзү билди бекен? Ал ар кимдин же коммерциялык тараптардын суроосуна эмес Кыргыз парламентине, мамлекеттик бийликтин бутагы болгон жерде өз сырын жашырып олтурат. Атургай жетектеп олтурган «Кыргыз-Орус» өнүктүрүү фондун жеке менчигиндей башкарып, фондду талкалоодо. Тагдырдын эрке талтаңындай тайраңдаган эменин тизгинин тартууга кимдин кудурети жетет?

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: