Ар бир коомдун, ар кандай окуялардын өз каармандары болот эмеспи. Бирок, алардын арасында да өзүнүн кылык жоругу, аңги-дүңгү айткан кеби, кыскасы рамкадан бир буту чыгып турганы менен айырмалангандар элдин эсинде көпкө сакталат. Айтканым, мурдагы шайлоолордо президенттикке аттангандар арасында жогорудагыдай адамдар бар эле. Тагыраагы, айтылуу көмүр королу Нурлан Мотуев элди эриктирбеш жагынан эч кимди алдына салган эмес. Негедир бул сапар Нурлан мырза көрүнбөйт. Арийне, анын соттолгону кедерги, кесепет болуп жатабы, айтор бул оригиналдуу мырза ажо жарышта жок. Балким, кыз кыркынга кастинг өткөрүп, аял тандоо менен алектир. Айтор, күздөгү шайлоодо Нурлан Мотуев жок, эми эригебиз го.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ