Menu

Ош облусунан катталган ажылардын экинчи тобу Мединага учуп кетишти

Бөлүшүү:

Кечээ, 11-август күнү түнкү саат 21:25те Ош-Медина абакаттамы аркылуу Ош облусунан ажылык сапарга баруучу  зыяратчылардын экинчи тобу учуп кетишти. Ажыларды узатуу иш-чарасына Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков жана зыяратчылардын туугандары катышышты. Облус казысы Самидин кары Атабаев зыяратчыларга ак жол каалап, ажылык парзды өтөө учурунда бардык кыйынчылыктарга сабырдуу болууга жана Сауд Арабия Падышачылыгынын мыйзамдарын сактап, ажы башчылардын көрсөтмөлөрү менен жүрүүгө чакырып, сапарларынын байсалдуу болуусуна ак батасын берди.

Андан соң зыяратчыларга Түркия Диянет фондунун колдоосу менен Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбековдун котормо эмгегине таандык “Ажылык рух азыгы” аттуу китеби таратылып берилди. Аталган китепти тапшыруу учурунда Түркия Диянет фондунун өкүлү Иса Күмүш колдонмо китепте ажылык ибаадаттарды аткаруунун руханий жактан негизги маңызы жана зыярат учурунда зарыл болгон дубалар кошулуп чыгарылгандыгын белгилеп, китеп Кыргызстандын бардык дубандарынан ажылыкка сапар тарткан зыяратчыларга акысыз таратылып жаткандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы Ош облусунан ажылыкка сапарга жалпысы 1750 зыяратчы жолдонмо алган болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: