Menu

Түркмөн президенти атасына арнап жаңы китеп жазды

Бөлүшүү:

Түркмөнстан ИИМинин аскер бөлүктөрүнүн биринде президент Гурбангулы Бердымухамедовдун “Кайраттуу жигиттер эрдик үчүн төрөлөт” аттуу китебинин бет ачары өттү.

Түркмөнстандын расмий ММКлары кабарлагандай, жаңы чыгарма өлкө ИИМинин тарыхына багытталган.

Мамлекет башчы атасынын турмуш жолу ал үчүн – өрнөк, бабалардын асыл, ар-намыстуу сапаттары – мектеп экенин жазган.

Түркмөн президенти буга чейин атасы Мяликгулы Бурымухамедовго “Довлет гушы”, чоң атасы Бурдымухаммед Аннаевге “Алем ичре ат гезер” аттуу китептерин арнаган.

Түркмөнстанды он жылдан бери башкарып келе жаткан президент 40тан ашуун китептердин автору, алар тарых, экономика, дары чөптөр, улуттук салт-санаага негизделген. Былтыр эле өлкө башчы 7 китеп жазган.

Түркмөнстандын орто мектептеринде мугалимдер сабакта окуучулардан президенттин макалдарын, учкул сөздөрүн мисал келтирип турууну талап кылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: