Кечээ, 16-январдын кечинде Москва шаарынын чок ортосунда, Ильинка көчөсүндөгү Мексика үйүнүн жанында, теги кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу тротуарда бараткан 20дай адамды сүзүп кеткен, бирок унаанын ылдамдыгы жай болгондуктан 8 адам жаракат алып, медициналык жардам алууга кайрылган. Бул факты боюнча кармалган Чыңгыз Анарбек уулунун милицияда сурак берген учурунун видеотасмасын Москва милициясы өз сайтында жарыялады.
Чынгыз Анарбек уулу 28 жашта, былтыр, 2017-жылы октябрда Сочиде өткөн панкратион боюнча дүйнө чемпионатында чемпион коло медалын жеңип алган. Москвада “Чекпойнт” таксомотордук жеке менчик базага таксист болуп орношконуна 1 эле ай болгон. Суракта ал арак ичпей турганын, кырсык болордун алдында бир нече секундга уктап кеткенин, болгон ишке өкүнөрүн айткан.
https://www.youtube.com/watch?v=9qOvW-izPOI
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ