УКМКнын 14-августта тараткан маалыматына караганда, өлкө аймагында теракт уюштуруу аракеттеринин күчөгөндүгү айтылат. Мындан улам УКМК коомчулукту сак болууга чакырып, атайын кызматтар менен укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө чакырат.
“Эгерде кандайдыр бир шектүү адамдарды жана фактыларды байкаган болсоңуз, токтоосуз түрдө УКМК, ИИМдин нөөмөт кызматтарына же болбосо ички иштер органдарынын жакынкы бөлүмдөрүнө билдириңиз”, – деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Ошондой эле УКМКнын маалыматына караганда, террордук коркунучту уюштуруучулардын координациялык борбору “Жамаат таухидва жихад” эл аралык террористтик уюму. Бул уюмдун башында 2016-жылы 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардырууну уюштурган деп шектелип, эл аралык издөөгө алынган Сирожиддин Мухтаров, ошондой эле издөөдөгү Бурханидин Жантораев, Ильяс Сабиров жана башка адамдар турат. Учурда алар Сирия жана Түркиянын аймагында жашырынып жүрүшөт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ