Menu

Тажикстанда интернет иштебей калды

Бөлүшүү:

Тажикстандын айрым аймактарында интернет иштебей калды. Бул маалыматты жергиликтүү провайдерлер тастыкташты.

“Интерком” компаниясынын өкүлү Согди облусунун Айни районундагы байланыш линиясындагы аварияга байланыштуу Тажикстандын түндүгү интернетсиз калганын билдирди. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө айрым операторлордун кардарларынын гана дүйнөлүк желеси иштеп жатат.

Маалыматтарга караганда, учурда “Интерком” менен “Телеком Технолоджи” компанияларынын кардарлары интернет колдоно албай калышты.

Бир нече күн мурун Тажикстандын “Телеком Технолоджи” жана “Сатурн-Онлайн” байланыш операторлору интернет кызматы үчүн “Кыргызтелеком” компаниясына 1 млн 349 миң доллар карыз экени ачыкталган. Компаниянын жетекчиси Нурлан Мадаминов “Сатурн Онлайн” операторунун бересеси 662 миң долларды түзөрүн айткан. Эл аралык арбитраждык сот карызды жабууну милдеттендирген, бирок тажик тарап өкүмдү аткарууга ашыга элек. “Телеком Технолоджи” байланыш операторунун карызы 687 миң доллар. “Кыргызтелеком” бул компанияны эл аралык арбитраждык сотко бергенин маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: