Menu

Вашингтон: Казакстанда салттуу эмес диндегилерди куугунтуктоо күчөдү

Бөлүшүү:

АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү дин тутуу эркиндигине арналган ар жылкы баяндамасын жарыялады. Анда 200гө жакын өлкөдөгү дин эркиндигинин сакталышы каралып, айрым өкмөттөр жана террордук топтор тарабынан жасалган укук бузуу фактылары анализденген.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон дүйнөдөгү диний эркиндиктин 2016-жылдагы абалы боюнча баяндаманы жарыялап жатып, Американын эң башкы баалуулугу дин тутуу эркиндиги болуп эсептелерин, бирок ошол эле маалда «Ислам мамлекети» өңдүү террордук уюмдар ал эркиндиктен пайдаланып, адамдарды уурдап, зомбулук көрсөтүп, кулга айлантып жана өлтүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, ИМ тобу езиддерге, христиандарга жана шиит мусулмандарга каршы геноцид уюштурган. Тиллерсон айрым өлкө бийликтеринин дин тутуу эркиндигин коргобогондугу, ал өлкөлөрдө туруксуздукту жаратып жатканын кошумчалады.

АКШ өкмөтүнүн эсептөөсү боюнча, 2016-жылы июлда Казакстан калкынын саны 18 миллион 400 миң кишиге жеткен. Эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, өлкө жашоочуларынын 70 пайызга жакыны мусулман болсо, көбү суннит багытындагы ханафи масхабын карманышат. Өлкөдөгү жалпы мусулмандардын болгону бир гана пайызын шафиит, шиит, суфист, ахмадий агымдарын кармангандар түзүшөт.

Расмий маалыматтар боюнча, Казакстан жашоочуларынын 26 пайызга жакыны христиан динин тутунушат. Алардын көбү Орус православ чиркөөсүнүн жолун жолдоочулар болсо, үч пайызга жакыны христиандыктын башка агымдарын карманышат.

Казакстан дин тутуу эркиндиги кепилденген светтик өлкө болуп эсептелет. Анткен менен баяндамада өлкө бийлиги диндерди салттуу жана салттуу эмес деп бөлүп, салттуу деп эсептелген диндерди гана таанып, аларга колдоо көрсөтүп, салттуу эместерин катуу көзөмөлгө алып, өкүлдөрү куугунтуктоолорго кабылары айтылган.

Баяндамада ошондой эле «Экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери боюнча Казакстандын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жаңы мыйзам дин тутуу эркиндигин мурдагыдан да көбүрөөк чектөөгө жол ачканы белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: