Малик Аликеевдин аткаруусунда калың калктын катмарына кеңири тараган «Сардал кыз» элдик чыгармасына ашыккандар арбыды. Дегеним ырчы Лутфилла Бусурманкул уулу аталган ырды эки жыл мурда жаңылап жаздырып ырдап, кечээ жакында клип тартып эл назарына сунуштады. Сардал кызга ашыккандардын катарын ырчы Нурмат Садыров дагы толуктап, жаштардын табитине ылайык жаңылап өткөн айда коомчулука тартуулаган эле. Учурда Нурмат мырза клип тартууга камданып жатканын өздүк булактарыбыз маалымдады. Алдыдагы күндөрдө «Сардал кызды» кайсыл ырчы канчалык деңгээлде мыкты аткарганын жана кимисинин клиби мыкты болгонун чогу электен өткөрөт окшойбуз.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ