Menu

Түркиядагы Кыргызстандын Элчилиги Анкара шаарынын Этимесгут районунун муниципалитети менен «Кыргызстан кечи» мааракесин өткөрдү

Бөлүшүү:

2017-жылдын 16-августунда Түркиядагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги Анкара шаарынын Этимесгут районунун муниципалитети менен салтка айланган жыл сайын өткөрүлө турган «Маданият менен искусствонун Анатолия фестивалынын» алкагында «Кыргызстан кечин» өткөрдү.  Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, кеченин ачылышында чыгып сүйлөп, көптөгөн катышуучуларды  куттуктап, бул фестивал тынчтык, достук, ишеним жана макулдашуу байланыштырып турган түрдүү элдерди бириктирип турат деп белгиледи.

Абдан чоң аншлаг менен өткөн иш чарага, Түркиянын парламентинин депутаттары, Анкара шаарынын Этимесгут районунун муниципалитетинин башчысы Э.Демирель, ТИКАнын өкүлдөрү, Түркиянын министрликтери жана мекемелери, ошондой эле дипломатиялык корпустар катышты.

«Кыргызстан кечинин» жүрүшүндө кыргыз искусствосунун өкүлдөрүнүн концерти тартууланды, ошондой эле кыргыздын эл чыгармачылык искусствосунун буюмдары жана Кыргызстандын туристтик потенциалын көргөзгөн маалымат буклеттери коюлган  «Кыргыз павильонунун» ачылышы болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: