Президенттик шайлоо деген саясий өнөктүк болсо дагы ал сөссүз түрдө социалдык психологияга байланыштуу. Кимдир бирөөлөр: “президенттик шайлоого психологиянын кандай тиешеси бар?” дешээр. Тиешеси сопсонун бар. Себеби, бул жарыкта адамдын жашоосу, алардын коомдук жеке мамилелери исандын психикасына, психологиясына байланыштуу.
Эгер социалдык психологиянын алкагында карасак, президенттикке талапкерлердин баары деп айтсак ашепке кылган болобуз го, бирок, дээрлик бир тобунун психологиясы күзгүдөй эле чаңкыйып, акыл-эси бар, өзүнчө ой жүгүрткөн адамдарга эмитен эле бештен белгилүү болуп калды. Алар элди бетке кармоо менен, жалган, айрымдары аймактык ыкманы ачык колдонуп, жасалма чакырыктарды жамынышып, мансапка, мансап аркылуу өз турмушун жакшыртуу далалатында делбектешүүдө.
Демек, азыркы талапкерлердин бир тобунда, кээ бирлери эбак критке кеткен картадай эл назарында иргелип калышса да калп-чынды аралаштырып элдин мээсин тегеретүүгө өтүштү. Анан да аларда эмнегедир эгоисттик психология деген көбүрөөк орун алгандай. Андай экендерин айрымдары жасаган кадамдары менен, Гүлчөтай жүзүн ачкандай эмитен эле “үчилтик”, төртилтик”, “алтылык жетиликтери” менен өз жүздөрүн өздөрү сыйрып бүтүшмөк болду.
Кечээ эле башканы сүйлөсө, бүгүн таптакыр башканы айтышып. Көрөсүздөр, шайлоо бүткүчө андайлар дагы далай жолу өзгөрүшөт. Анан ошондойлорго кантип өлкөнүн штурвалын ыроологуң келет? “Улуу сөздө уят жок” дейт, жеткен сойкунун сойкулары да аларчалык сойкулана алышпаса керек. Алар туурасында дагы далай жазылаар, жазылат…
Психология демекчи, эми шайлоочулардын психологиясына сарэсеп салып көрөлүчү. Негизинен шайлоочулар төрт топко бөлүнөт делет.
Биринчи топ: – бул жалпы элдин, өлкөнүн кызыкчылыгынан аймактык куру намысты жогору койгон шайлоочулар. Андай шайлоочулар өздөрү добуш берүүчү президенттикке талапкердин “ит” экенин, башкы такка татыксыз экенин жакшы эле билишет. Ошентсе да, алардын психологиясына куру намыс терең сиңип калган. Шайлоочулардын эң көбү ушул топтогулар.
Экинчи топ:- бул топтогу шайлоочулар шайлоолордон үмүттөрү үзүлбөгөн, куру сөзгө, куру чакырыкка тез таасирленишкендер. Бирок, булар күчтүү шайлоочулар. Жаман жери, бул топтогу шайлоочулар манипуляцияга тез азгырылышат. Анан калса кийинки кездерде кыргыз коомчулугунда өнөкөт болуп бара жаткан “пиар”, “кара пиар” (азгырык) деген коомдук аң-сезимди адаштыруучу, ошонун негизинде келечек үчүн өтө зыяндуу кадамдарга талапкерлер сөссүз барышат себеби, алардын пиары ушул экинчи топтогу шайлоочулардын психологиясына багытталган.
Үчүнчү топ: – Булар кызматтагы адамдар. Иши кылса чиновник аттуулар. Шайлоого зор таасир берүүчү дал ушул топтогулар. Алардын көпчүлүгү элдин келечегине таптакыр кайдыгер караган адамдар. Бийликтин жогорку тепкичтериндеги адамдар кимди колдоо керектигин айтса, ошонун сөзүн эки кылбай аткаруучулар. Алардын болгон максаты- үстүлөрүнөн үстөмдүк кылган бийликтин чөйрөсүнө эптеп ыңгайлашып кетишсе болгону. А психологиялык жактан алганда бул конформисттер чын-чынына келсек коом үчүң коркунучтуу адамдар. Көп учурда карапайым элдин жашоолору жаңыланбай, жаңырбай, жакшырбай калышына ушулар тоскоол болуп келет.
Төртүнчү топ: – Тигил же бул талапкердин шайлоо штабдарында иштеп жүргөндөр. Негизинен алганда буларда деле позитивдүү идеялар аз. Болгону, жек-жааттык максатта, кокус сүрөгөнү такка жетип калса, ошонун аркасы менен жеке кызыкчылыгын ишке ашыруу болуп саналат. А бирок, араларында сүрөгөн талапкерин жеңишке жеткирүү үчүн мыкты идеяларды таап, шайлоочунун аң сезимине таасир эте алган, добуш берүүчүлөрдү өз талапкеринин пайдасына бурууга жөндөмдүүлөрү да бар.
Бешинчи топ: – кайсы талапкер акча, белек берсе ошого сатылып кетчүлөр. Булар эртеңки күнүнө таптакыр кайдыгер адамдар. Демек, арзыбаган акчанын кулдары.
Кыскасы, канчалык моюнга алгыбыз келбесе да бул чындык, президенттик шайлоо саясий өнөктүк болгону менен баары бир ага коомдук социалдык психология үстөмдүк кылат. Негизи эле эл качан прогресске жетет? Элдин ишенимине адалдыгы, абийрдүүлүгү, ишмердиги, аймактык кызыкчылыктан улуттук кызыкчылыкты жогору койгон, принципиалдуулугу менен жалпы журттун колдоосуна ээ болгон инсан коомдук аренага чыкканда гана алдыга жылат. Ошондо гана жогорудагыдай коомдун психологияларында ажырым кескин азаят. Бир түшүнүк менен айтканда моралдык сапаты бийик, (а мораль болсо психологияга түздөн-түз байланыштуу) адам бийликке келгенде гана.
Булак: Айгай
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ