Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр кызматын тапшырып берүү чечимин  расмий жарыялады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-августта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр кызматын тапшырып берүү чечимин  расмий жарыялады. Бул тууралу КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө Премьер-министрдин сүйлөгөн сөзү:

“Урматтуу Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөлөрү! Урматтуу Аппараттын кызматкерлери!

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы мени Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөткөнүн билесиздер. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн мени расмий каттоодон өткөрдү. Эми менин мындан аркы иш-аракеттеримдин баарына шайлоо кампаниясынын призмасы аркылуу каралып, саясий өӊүттөн баа берилет. Шайлоонун ачык-айкын, таза өтүшү, элдин чыныгы тандоосун камсыз кылуу, айрым саясатчылардын курулай шек саноoсуна эч кандай шылтоону болтурбоо – мен үчүн өтө маанилүү. Менин моралдык принциптерим мени кызмат абалынан пайдаланды деген дооматтардын жаралышына жол бербейт. Ошондуктан мен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматын тапшырып берүү чечимин кабыл алдым. Эртеӊ, 2017-жылдын 22-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти, урматтуу Алмазбек Шаршенович Атамбаевге тиешелүү арызымды берем.

Урматтуу кесиптештер!

Бүгүнкү иш – менин өмүрүмдөгү өтө маанилүү окуя. Бул чечимди мени менен бир жарым жылга жакын чогуу иштеген, мен Премьерлик кызматта турганда жоопкерчиликти кошо көтөргөн, сиздердин, Өкмөт мүчөлөрүнүн алдында жарыя кылып жатам. Былтыр апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеӊеш бизге бийик ишеним көрсөтүштү. Биз шайланаарыбыз менен «Ишеним жана биримдик» деген программаны аткарууга билек түрө кириштик. Жакшы иштедик. Мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, өлкөбүздү өнүктүрүүнү максат кылып, тыным албай, эс алууга чыкпай иштедик. Биздин Өкмөттүн негизги принциби – саясатка аралашпай, күчүбүздүн баарын теӊ, толук бойдон экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүгө, эл чарбасын өнүктүрүүгө багыттоо болду.

Мамлекет башчысы, парламент менен конструктивдүү мамиле түзүүгө жетиштик.

Ошонун негизинде жакшы натыйжаларга ээ болдук.  Алардын баарын тизмектеп айтып олтуруунун кажети жок.  Айрымдарын гана эсиӊиздерге сала кетейин.

Биринчиден, жакшы макроэкономикалык көрсөткүчтөргө ээ болдук. Өткөн жылы биз Өкмөт болуп шайланган мезгилде экономикабыз 4,9 пайызга түшүп кеткен. Бүгүн анын өсүү темпи 6,9 пайызга жетти. Былтыр ушул мезгилде 17 пайызга төмөндөп кеткен экспорттун көлөмү азыркы учурда 30 пайызга көбөйдү.

2016-жылы бюджетке түшкөн салык кирешелеринин көлөмүн 2015-жылга салыштырганда 11 млрд сомго көбөйттүк. Ал эми быйыл, 7 айдын ичинде, өткөн мезгилге салыштырмалуу, жалпы кирешелерди 5,3 млрд сомго көп чогулттук.

Экинчиден, элдин турмушун жакшыртууга багытталган курулуштарга өзгөчө көӊүл бурдук.

Былтыр 115 мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды, маданий объекттерди курдук. Ушул жылдын аягына чейин  дагы 105 ушундай объекттер курулуп, ишке берилет.  98 мектеп капиталдык ремонттон өттү, жыл аягына чейин дагы 35 социалдык объект капиталдык ремонттон өтөт. Чолпон-Атадагы эл аралык ат майданы курулду, азыркы учурда Тарых музейи жана Көчмөндөр цивилизациясынын музейин реконструкциялоо жумуштары жүрүүдө. Капиталдык салымдардын көлөмү 2015-жылы 4,5 млрд. сомго жакын болсо, 2017-жылы аны 2 эсеге көбөйтүп, 9 млрд 120 млн сомго жеткирдик. Социалдык турак-жай курууну колго алдык. 1 млрд. 874 млн. сом суммасында ипотекалык кредиттер берилди, алардын ставкасын 10 пайызга чейин төмөндөттүк.

Үчүнчүдөн, региондорду өнүктүрүү ишине артыкчылык бердик. 

Региондорду өнүктүрүү концепциясын кабыл алдык. Анын алкагында биринчи кезекте өнүгө турган 20 шаар тандалып алынды. Калктуу конуштардын  генералдык пландарын иштеп чыгуу үчүн Өкмөттүк программа кабыл алдык. 2025-жылга чейин республиканын 1812 калктуу конуштарынын генералдык пландары иштелип чыгат. Бул иш-чараларга республикалык бюджеттен жылына каражат берилип турат.

Калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоого арналган 2026-жылга чейинки стратегия кабыл алынды. Анын алкагында 657 айылда, 22 шаарда жана 26 райондун борборунда суу түтүк системаларын куруу жана реабилитациялоо жүргүзүлөт. Эл аралык финансылык институттар менен жалпысынан 324 млн АКШ доллары суммасындагы макулдашууларга кол коюлду. Элди таза суу менен камсыздоо үчүн 2015-жылы республикалык бюджеттен 40 млн сом бөлүнсө,  былтыр 100 млн сом, ал эми быйыл – бул сумманы  2 эсеге көбөйтүп, 200 млн сом бөлүп бердик.

Төртүнчүдөн, экономикалык ишмердикке мамлекеттик колдоону кескин жакшырттык. Анын ичинде айыл чарбасына өзгөчө көнүл бурдук. 2016-жылы агрардык секторго 4,8 млрд сом суммадагы кредит берилди. 2017-жылы «ФСХ-5» долбоорунун алкагында жеңилдик кредит берүүнүн көлөмү 7 млрд сомго чейин жеткирилет.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилген кредиттердин ставкасы 6 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Бардык тармактар үчүн кредиттерди жабуу мөөнөтү  36 айга чейин узартылды.

2026-жылга чейин ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы бекитилди. Анын алкагында ирригациялык системаларды куруу жана капиталдык ремонттоо улантылып жатат. Баарыӊыздар билесиздер, бул багыттагы эӊ ири долбоор – “Бүргөндү” массивин ишке киргиздик.

Бешинчи, экономиканы ЕврАзЭСке интеграциялоо багытында чоӊ жумуштар аткарылды.

«Манас», «Ош», «Торугарт», «Иркештам» өткөрүү пункттарын жабдууну аяктадык. Казакстан менен чек арадагы фитосанитардык контроль алынып салынды. Токмок, Кең-Булуң, Ак-Тилек автожол көзөмөл-өткөрүү пункттарын  реконструкциялоо жумуштары бүткөрүлдү, «Чалдовар – автожол» пункту аяктоо алдында турат. Бул иш-чараларды аткарууга 100 млн сом бөлүп бердик.

Ветеринардык көзөмөл системасын эл аралык стандарттарга туура келтирип жатабыз. 4 ветеринардык лабораториясын модернизациялоо ишин аяктадык.

Бизнести колдоо максатында бардык аймактарда «Кепилдик фонддору» түзүлгөн. 2017-жылдын  августунда чейин 125 млн сом суммасындагы 105 кепилдик берилди. Анын натыйжасында кичи жана орто ишканалар 520 млн сомдон ашуун суммадагы кредиттерди алышты. Жыл аягына чейин бул сумма 800 млн сомго жетет.

Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду аркылуу 250 млн. долларга жакын 758 жалпы экономикага тиешелүү долбоор каржыланып жатат.

Текстиль жана тигүү өндүрүшүн чечкиндүү колдодук. «Легпром» Ассоциациясына Сокулук районундагы Военно-антоновка айылында 40,74 гектар аянт жер жана Бишкектен 3,7 гектар жер 49 жылга ижарага берилди.

Ушул иш-чаралардын баары экономикабыздын экспорттук потенциалын бир кыйла жогорулатты. Келечекте бул иштердин таасири дагы жогорулайт.

Алтынчы, 2016-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын өлчөмүн 10,5 пайызга, ал эми  жөлөкпулдун өлчөмүн 15 пайызга жогорулаттык.  2017-жылдын 1- октябрынан баштап пенсиянын көлөмү дагы 10 пайызга жогорулайт. Бул үчүн 981 млн. сом каражат жумшалат.

Былтыр жогорку окуу жайлардын жана орто мектептин мугалимдеринин эмгек акысы – 28,6 пайызга көбөйтүлдү.

2017-жылдын 1–сентябрынан баштап ылдыйкы звенодогу мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы  көбөйөт. Жогорку кызматтагылардын айлыгы дээрлик өзгөрбөйт.

Жетинчи, энергетикалык, транспорттук, маалыматтык инфрастуктураларды өнүктүрүүнү көӊүл борборунда кармадык.

Токтогул ГЭСин реабилитациялоо үчүн 110 млн доллар суммасында каржылоо жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду. Анын натыйжасында  станциянын кубаттуулугу дагы 240 МВт көбөйөт, жана аны эксплуатациялоо мөөнөтү 35-40 жылга узарат.

Камбарата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү боюнча 110 млн доллар суммасындагы макулдашууга кол коюлду, анын алкагында станциянын кубаттуулугу дагы 120 МВт жогорулайт.

Бишкек ТЭЦин реабилитациялоо жумуштары 10 күндөн кийин, сентябрда аягына чыгат. Жылуулук кубаттуулугу 30 пайызга көбөйөт.

2016-жылы электроэнергияны жоготуулар 1,1% азайтылды. Анын жыйынтыгында 207,8 млн. сом сарпталды.

Стратегиялык жолдор менен катар шаар ичиндеги, райондун борборлордундагы  көчөлөрдүн капиталдык ремонту жүрүп жатат. Бул иштерди аткаруу үчүн бюджеттен 730 млн. сом бөлүп бердик.

2016-жылы өлкө аймагы боюнча жалпысынан 230 км жол салынды. Аны каржылоого 4 млрд 435 млн сом бөлүнүп берилди. Анын ичинде Бишкек – Аэропорт “Манас” жолун реконструкциялоосу  бүткөрүлдү, ага 955 млн. сом бөлүндү.

Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун курулушу жүрүүдө. Бул курулуш 2016-жылы 1 млрд. 337 млн сомго, ал эми
2017-жылы 600 млн сомго каржыланды.

«Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара байланышуу системасы ишке киргизилди. Жыл аягына чейин 169 кызмат көрсөтүү электрондук форматка өткөрүлөт.

Мектептерге интернет киргизүү ишин колго алдык. Быйыл 775 мектеп интернетке туташылат. Жыйынтыгында бардык мектептердин 60 пайызы интернет менен камсыз болот.

Сегизинчи, өлкөбүздүн эл аралык аброюн көтөргөн чоӊ иш-чараларды өткөрдүк.  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын, Алтай цивилизациясына арналган конференциянын иш-чараларын уюштурууга жана каржылоого өкмөт жигердүү катышты.

Кыргыз Республикасынын төрагалык кылуусу менен Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин  өкмөт башчылар кеңешинин юбилейлик жыйынын, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин юбилейлик жыйынын, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарын ийгиликтүү өткөрдүк. Эки тараптуу мамилелерди жакшыртууга өзгөчө көнүл бурдук. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Д.А. Медведевдин Кыргыз Республикасына жасаган расмий визити болуп өттү. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Премьери Ли Кэцян Кыргызстанга расмий визит менен келип кетти.

Биздин чейрек кылым тарыхыбызда Өзбекстан Республикасынын Премьер – министри биринчи жолу Кыргызстанга келди. Бардык багыттар боюнча эки тараптуу мамилелер, анын ичинде кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо сыяктуу татаал маселелерди кароо ордунан жылды.

Урматтуу кесиптештер!

Ушул көрсөткүчтөрдүн негизинде Жогорку Кеӊештин депутаттары Өкмөттүн отчетун жакшы кабыл алды. Биз жараткан ийгиликтер үчүн Президенттин колдоосу чечүүчү мүнөзгө ээ болду. Эӊ негизгиси – кылган ишибиздин практикалык жыйынтыгын  элибиз көрүп, өз турмушунда сезип, биздин аракетибиз калкыбыздын жактыруусуна ээ болду.  Жогорудагы биздин Өкмөт жетишкен ийгиликтер – элдин кызыкчылыгы талап кылган иштердин жыйынтыктары болду. Биздин ишибиздин негизги багыттарын, жумушубуздун күн тартибин –  коомчулук талап кылган көйгөйлөр аныктады.

Урматтуу кесиптештер!

 Биз ынтымакта, бир ыргакта иштеген, ар кандай маселелерли чечүүгө жөндөмдүү команда болууга жетиштик.

Мамлекеттик ишмердик – биздин табиятыбызда экенин көрсөттүк. Эми кайсыл жерде болсок дагы, мамлекеттин кызыкчылыгын алдыга коюп, Кыргызстан деп өмүр өтөгөн адамдардын үлгүсүн көрсөтөбүз деп ишенемин.

Бүгүн сиздердин ар бириӊиздердин мекенге берилип,   өлкөбүзгө кылган ак кызматыӊыздар үчүн тереӊ ыраазылык билдиремин.

Учурдан пайдаланып сиздер жетектеген коллективдин мүчөлөрүнө ыракмат айтамын. Алардын күн санап жасап жаткан кесипкөй  иштери аркылуу мамлекеттик кызмат ишке ашып жатат.

Биздин ишибизди туура, элге жеткиликтүү жеткирип жаткан журналисттерге ыраазылыгымды айтамын.

Албетте, Өкмөттүн Аппаратында иштеген баардык кызматкерлерге өзгөчө ыраазылык билдиремин.

Президент болуп шайланып калсам, Алмазбек Шаршенович Атамбаев баштаган оң өзгөрүүлөрдү, өнүгүү багытын улантам. Элдин, мамлекеттин жүгүн аркалоого күч-кубатым, дараметим, намысым жетет!

Сиздер менен, кымбаттуу кесиптештерим, коштошпойм. Анткени, дагы чогуу иштешебиз, Кыргызстаныбызды чогуу өнүктүрөбүз. Мен сиздерге ишенем!

Жараткан өзү колдоп, сүйүктүү Кыргызстаныбыз гүлдөп өсө берсин! Элибизде аманчылык, жерибизде тынчтык болсун!”.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: