Menu

ТИМ Индияда кармалган кыргызстандык тууралуу маалыматты текшерүүдө

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индияда ири суммадагы акча менен кыргызстандык аял кармалды деген маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

«Делинин аэропортунда Кыргызстандын жараны ири суммадагы акча менен кармалды деген маалыматты ТИМ тактап жатат. Индиядагы элчилигибиздин кызматкери аталган аэропортко кетти», — деди Кулукеева.

Бүгүн Индиянын Business-standard.com, Tribuneindia.com жана башка бир катар интернет басылмалары Нью-Делинин аэропортунан “Air Manas” компаниясы менен Бишкекке учуп жатканда кармалган 56 жаштагы кыргызстандык аялдын ысымы Балтабаева Зухра экенин жазып чыгышкан болчу.

Индия интернет басылмаларындагы кабарларга караганда, кыргызстандык аялдын сумкасынан текшерүү учурунда 60 миң АКШ доллары чыккан.

Ал эми дагы 1,41,290 АКШ доллар кыргызстандык аял багаж иретинде өткөргөн жүктөн чыккан. Учурда бул маселе менен Индиянын бажы бийликтери алектенип жатат. Кыргызстандын Нью-Делидеги элчилиги Индия медиасындагы бул кабарды азырынча комментарийлей элек. Тышкы иштер министрлигинен маалымат текшерилип жатканын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: