“Бүгүн ЗАО «Альфа Телекомду» (Megacom соода маркасы) 13, 5 млрд. сомго, бирок 5 жыл ичинде төлөп берүү шарты менен сатып алгысы келген Кыргызстандын жараны бизге келди”, – деп билдирди КР Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков бүгүн, 22-августта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.
“Бул олуттуу эмес сунуш, мен Мегаком компаниясынын сатылаарына ишенем. Биз ар бир инвесторлор менен иштедик, стратегиялык багыттарды көрсөттүк. Чындыгында Мегакомдун рентабелдүүлүгү инвесторлорду кызыктырышы керектигин көрсөтүүдө”, – деди Болсунбек Казаков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ