Дубайдан Бишкекке 3-майда учуп келип, обсервацияга алынып, кечээ обсервациядан чыгарылган тургундар Ысык-Көл облусунда да обсервацияга жайгаштырылат. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда журналисттерге өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, райондогу обсервацияга 11 адамды жаткырышат.
“Келгендерден коронавирус илдетине анализдер алынган. Атайын комиссия бул адамдардын үй карантинине жаткырылышы тууралуу карап жатат. Эгерде жарандардын жашоо шарты талаптарга жооп берсе, алар үйлөрүнө чыгарылат”, – деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 3-майда Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан 180 кыргыз жараны келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ