Москвада полицейскийлер 21 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган кишини кармашты. Бул туурасында “Москва” шаардык жаңылыктар агенттиги билдирет.
“20-август күнү эртең менен полицияга 21 жаштагы кыз “кечээ түнү токойдон белгисиз адам зордуктоого аракет кылды” деп кайрылган. Кылмышкердин өзгөчө белгилерин сураштырган соң, полиция 23 жаштагы жумушсуз Кыргызстандын жаранын кармаган. Ал күнөөсүн өз мойнуна алган”, – деп айтылат билдирүүдө.
Окуя Зеленоградда болгон. Жабырлануучунун айтымында кылмышкер аны колкосунан кармап, бадалдарга сүйрөп барып жерге жаткырып зордуктамакчы болгон. Бирок ал жактан өтүп бараткан адамдар көрүп калып коркутушканда ал качканга аргасыз болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ