Menu

Тобокелге “тойгузган” Билим министрлиги

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги тобокелге башын байлап койгондордун эӊ башында турат экен. Муну фактылар аныктады.

Айталы, буга чейин Тынчтык инновациялары боюнча “Булан” институту Кыргызстандагы авариялык мектептердин жагдайын талдаган көлөмдүү баяндамасын жарыялаган. Анда өлкөдөгү 2222 мектептин 193ү авариялык абалда экени көрсөтүлгөн. Анын ичинен 12 мектеп “кызыл тизмеге” кирет. Ал эми мурдараак, тагыраагы 2013-жылы ЮНИСЕФ жана ЮСАИД иликтөө жасап, Кыргызстандагы мектептердин 80%ы кооптуу абалда деп жыйынтык чыгарган. Мындай ырастаманы кечээ жакында Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун координациялык кеңешмесинде да тастыкташты. Маалыматка караганда, авариялык абалдагы мектептердин 23үнүн ордуна жаңысын куруу зарыл болсо, 18 мектепти  капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек. Бирок, билим берүү министрлиги али да буларга көӊүл койбостон, кресло оодарыштыруу менен гана алектей. Башка өлкөлөрдө болсо эбак эле авариялык абалдагы мектептерге балдарды окутмак турсун, жолотушмак эмес. Бизде баары боло береби?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: