Кайсы гана тармак болбосун, негизи артык баштай сезилген кадрларга көзүбүз чалдыгат. Биздин министрликтерден түрдүү катачылыктарды байкайсың. Сапатсыз «замдар» арбын. Эмесе, кеп кезегин негиздеп берели.
Маселен, ИИМ орун басарлары Сүйүн Өмүрзаков менен Курсан Асановдун кыйраткан деле иштери жок, шымдарын өчөшө өйкөшкөндөй болушуп, очойгондой отурушкандары кандай ыя? Эмне иш кылышты? Коомчулукка белгисиз. ИИМдин «генералдары» катары жүрүшөт, мындайларды «апельсиндер» деп коюшат. Анан калса, бизнестерин гүлдөткөндөрү, ар кыл бүдөмүк иштерди «крышевать» этишкендери жалганбы? Коомдук коопсуздук абалыбызды чыңдоого салым кошо алышпай, кабинеттеринде же чайханаларда тымызын интригаларды жүргүзүшүп, «шайлоодон кийин министр болобуз» дегендей озондошсо кантип жандап түңүлбөйсүң? Саясый оюндардан айланышабы? Андан көрө чын жүрөктөн мамлекет үчүн иштеп коюшса не? Же бул экөөнү ИИМден сүрүп салыш керекпи?..
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ