Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Хатлон облусундагы сапары учурунда музыканттардын ыргактан чыгып кеткени үчүн иштен алынган аялдын жумушун калыбына келтирди.
24-августа Рахмон аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча райондук бөлүмдүн башчысы Зиёда Саломованын ишин калыбына келтирди. Хуросон районунун администрация жетекчиси Рахматулло Сафарзода өз милдетин так аткарбай, Саломованы жумуштан алгандыгы үчүн сөгүш алды.
“Азаттыктын” тажик кызматы 14-августта Эмомали Рахмондун аймактагы сапары учурунда «Очаджонхо» аялдар ансамбли улуттук аспапта ойноп жатып, ыргактан чыгып кеткенин жазган.
Рахмондун маалымат кызматы президент музыканттардын кемчилигине иренжигени тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын жарыялады. Билдирүүдө президент аймактарга оюн-зоокторду баалоо үчүн эмес, карапайым адамдардын жашоосу менен танышуу үчүн барары айтылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ