Башкыртстандын борбору Уфа шаарында өтчү түрк тилдүү элдердин эл аралык фестивалына Кыргызстандан «Учур» жаштар театры Чыңгыз Айтматовдун «Кыямат» романынын негизинде коюлган спектакль менен катышат. Бул тууралуу аталган театрдын директору Шаршебек Шейшенов билдирди.
Анын айтымында, «Туугандык» деп аталган фестиваль быйыл алтынчы ирет болуп, 7-14-сентябрь күндөрү өтөт.
«Уюштуруучулардан биздин театрга атайын чакыруу келди. Ал эми спектаклди тажикстандык режиссер Баржу Абдразоков койгон», — деди Шейшенов.
Маданий иш-чарада 14 мамлекеттин актерлору өз өнөрүн тартууламакчы.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ