Menu

Мирзиёевдин Бишкекке сапары эмки аптага пландалууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга расмий сапары эмки аптага пландалууда. Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Өзгөндө жер көчкүдөн жабыркаган эл менен жолугушкан учурда айтканын “Азаттык” радиосуна мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

16-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келген. Анда кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырым бөлүгүн бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюлган. Бул соңку тогуз жылдан берки алгачкы өкмөт аралык жолугушуу болгон. Ушул эле жыйында президент Алмазбек Атамбаевдин да Ташкентке расмий сапары пландалып жатканы айтылган.

Атамбаев 2016-жылдын аягында Өзбекстанга сапар менен барган. Андан бери эки тараптын бийлик өкүлдөрү ай сайын жолугуп, чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: