Menu

Чыныбай табышмактатканы менен чындыкты чыгарды

Бөлүшүү:

Парламенттин мурунку төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, өз ичиндеги чындыгынын четин чыгарды. Ал президенттикке талапкер болуп чыгууга шыктандырган Алмазбек Атамбаев болгонун айтып, анын “Досум, сен чык. Мен сени элди кыдыртып келем” деп айтканын, кимдин жетелөөсү менен партиялаштарына жек көрүндү болгонун биринчи ирет ачыктады.

Мындан сырткары “КСДПнын курултайында сиздин да маселеңиз каралышы мүмкүнбү?…” деген суроого “Мен азыр деле саясий кеңештин мүчөсүмүн, партияда орун басармын. Орун басарлыгымды эч ким алган эмес… Мен съездде өзүм ишенип келген демократиялык позициямды айттым, ийгилик-кемчиликтерди айттым. Ошол кездеги уюштуруу иштеринин натыйжасында менин ал позицияма дароо эле оозду жаптырып салганга аракеттер болду…” деп жооп айткан. Демек, ошол жыйындагы уюштуруу иштерин ким көзөмөлдөсө, Чыкенин оозун жапканга ошол адам катуу аракет кылган. КСДПнын курултайын Фарид Ниязов алып барганын, партиянын чечимине каршы чыккандарга партияда орун жок деген сөзүн эске алганда, Турсунбековдун оозун жатканга биринчи аракетти Ниязов көргөн болот. “Сизди оппозициялык партия түзүп жатат деген сөз тарады эле…” деген маселеге “Андай мүмкүнчүлүктөр болгон. Азыр дагы бар. Парламенттеги, сырттагы партиялардан дагы сунуштар болгон. Аны азырынча ачыкка чыгарыштын зарылчылыгы жок деп ойлойм…” деген жообун берген. Чыныбай Турсунбековдун ушул эле жообу анын КСДП менен кийинки шайлоого барбай, өз алдынча партия түзүп, же азыркы партиясына каршылаш боло турган партиянын катары менен бара турганын далилдегенсиди. КСДПнын курултайы да улам артка жылып жатканы, капчыктуу, өз электораты бар азыркы депутаттарынын көбүндө мамиле, көз караш өзгөргөнүнөн улам болууда деген маалымат Турсунбековдун жообунан кийин чындыкка жакыныраак болууда. КСДПда тазалануу болот деген сөзгө, мурунку төрага “Партияны кимден, эмнеден тазалайт? Өзүнүн жеке көз карашы, позициясы бар, жалпысынан социал-демократиялык принциптерди туу тутуп, ошол багытта көз карашы бар адамдардан тазалайбы? Же өз пикирин айтпай, эрчиме болуп жүргөн кошоматчылардан тазалайбы? Же партияны жаманатты кылган ууру-кескилерден тазалайбы?” деген пикирин айткан. Турсунбековдун сөзүнүн түпкүрүндөгү жандырмагына көпчүлүк маани бербегендей болду. Анын сөзүндө партиянын ичинде өз көз карашы бар адамдар да, өз пикири жок ээрчимелер да, партияны жек көрсөтүп жаткан ууру-кескилер да бар деген маани камтылгандай. Өз көз карашы бар адамдардан Атамбаев кутулуп, ээрчиме, кошоматчы, ууру-кескилер менен кала турган болсо ага аброй алып келбеши бышык. Ууру-кескилерден тазаланса, аларды өзү айткандай жазага тартышы керек болот. Өз пикири барлар анын айтканына хоп деп олтуруп, жетеленбейт. Турсунбековдун сөзү, КСДП азыр туура жолду тандабаса кыйын абалга кептеле турганынан кабар берди.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: