28-августта Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева өлкөнүн ЮНЕСКОдогу өкүлү кызматынан кетип жатканын билдирди.
Reuters агенттиги кабарлагандай, 39 жаштагы Каримова-Тилляева убактысынын көбүн атасынын атындагы кайрымдуулук кордун ишмердүүлүгүнө жардам берүүгө жумшай тургандыгын айтты.
“Алдыда үй-бүлөмө, максаттарыма, Ислам Каримов атындагы корго, ошондой эле башка чыгармачылык, кайрымдуулук жана маданий долбоорлорго көбүрөөк көңүл бурайын дедим. Ушул себептен ЮНЕСКОдогу элчилик кызматтан баш тартууну туура деп таптым”, – деп билдирди ал.
Маркум президент Каримовдун учурда Батышта жашап жүргөн кичүү кызы жакынкы убактарда Өзбекстанга кайтып келер-келбесин ачык айткан жок.
Мурдагы президенттин улуу кызы, кезинде Өзбекстандын БУУдагы элчиси болгон Гүлнара Каримова азыр камакта. Өзбек бийликтери ал 2015-жылы беш жылга “эркиндигин чектөөгө” кесилгенин, ал эми Каримованын өнөктөштөрү опузалоо, акча уурдоо жана салык төлөөдөн качканы үчүн соттолгонун өткөн айда расмий жарыялашкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ