БУУнун расалык басмырлоону жоюу комитети тажик бийлигин өлкө кыздарынын чет өлкөлүктөр менен никеге туруусуна киргизилген чектөөлөрдү алууга чакырды. Комитеттин 28-августта жарыяланган баяндамасында бул чектөөлөр адамдын негизги укуктарын, анын ичинде түгөй тандоо укугун одоно бузуу болуп эсептелери белгиленген.
28-августта Женевада БУУнун расалык басмырлоону жоюу комитетинин 93-сессиясы жыйынтыкталды. Анда комитет мүчөлөрү тажик бийлигин башка өлкөлөрдүн жарандары менен никеге турууга чектөө киргизгендиги үчүн сынга алышты.
Тажикстандын юстиция министри Рустами Шохмурод Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөр чет өлкөлүк жарандар тараптан сексуалдык зомбулук көрсөтүү учурлары көбөйүп кеткенден кийин кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, никеге туруу жол-жобосун катаалдаштыруу менен өлкө жарандарынын укуктарын коргоого мүмкүндүк түзүлдү. «Нике бузулгандан кийин аялдардын көбүнүн укуктары бузулуп, аларды мурдагы күйөөлөрү сексуалдык кулчулукка сатышкан», – деди Рустам Шохмурод.
«Комитет өзгөртүүлөрдүн тажик аялдарын адам сатуудан коргоого арналганын эске алат. Ошол эле маалда коргоо чаралары эч качан адамдын негизги укуктарынын бузулушуна алып келбеши керектигин белгилейт», – деп айтылат комитеттин баяндамасында.
БУУнун расалык басмырлоону жоюу комитетинин жыйынында Тажикстандын делегация мүчөлөрү акыркы беш жылда өлкөдө расалык басмырлоо белгилери боюнча бир дагы кылмыш иши козголбогонун билдиршти.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ