Өзгөн районунун Ынтымак жаңы конушунда жер көчкүдөн жабыр тарткан төрт үй-бүлөөгө Муфтиятын колдоосу менен салынып жаткан турак-жайлардын курулушу кызуу жүрүп жаткан мезгили. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Аталган курулуштун жүрүшү менен кечээ 28-августта Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жакындан таанышып, үй ээлери менен жолугушту. Облус казысы үй ээлерин курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, кышка чейин бүткөрүп алууга тилектештигин билдирип, мындан ары да жардам берилээрин айтты. Курулуп жаткан үй ээлеринин бири Ашим Сатаровдун айтымында төрт үйдүн тең курулуш долбоорлору окшош түзүлгөн жана учурда дубалдарын тургузуу курулушу аяктоо алдында турат.
“Биз Муфтият бөлүп берген акча каражатына толугу менен курулуш материалдарын сатып алдык, жакынкы учурдан тартып үйлөрдүн чатырларын жабуу иштерин баштайбыз. Өкмөт тарабынан электр жарыгы, таза суу, жол маселеси толугу менен чечилип берилди” – деди А.Сатаров.
Эскерте кетсек, ушул жылдын июль айында Муфтият тарабынан Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыр тарткан 4 үй-бүлөгө, Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тарткан 4 үй-бүлөгө турак-жай куруу үчүн ар бирине 350 миң сомдон акчалай жардамдар көрсөтүлгөн болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ