Menu

ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды, ок-дарыларды аныкташты

Бөлүшүү:

ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды, ок-дарыларды аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 25-октябрында КРнын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына ыкчам маалымат түшүп, 2020-жылдын март айында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын түштүк тарабында жайгашкан дамба жер тилкеси жагында 2 бейтааныш адам, жашыруун түрдө белгисиз буюмдарды көмүп жаткандыгы маалым болгон.

Алынган маалымат КРнын Жазык кодексинин 253- беренеси (Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча Ысык-Көл облусунун Балыкчы ШИИБнин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө тапшырмасы алынып, КРнын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам–издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2020-жылдын 7-ноябрында Балыкчы ШИИБнин кызматкерлери жана ыкчам-тергөө тобу менен биргеликте жеринде издөө иштери жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында Балыкчы шаарынын Тоголок Молдо жана Арчалы көчөлөрүнүн кесилишиндеги дамбанын түндүк тарабы жакта таштарга көмүлгөн көгүш түстөгү спорттук сумка табылып, анын ичинде:

– 1 даана номуру жок, АКСУ-5,45 мм үлгүсүндөгү сайлуу, бир даана магазини менен ок атуучу куралы, 30 даана огу;
– аскердик жардыруучу граната, кольцосу менен;
– 2 кара түстөгү бет кап;
– кара түстөгү 2 жуп кол кап;
– 1 даана скотч;
– 1 даана колго жасалган, кармагычы жыгач бычак;
– 1 даана 8, 5 метр болгон, аркан;
– 1 даана ак түстөгү целофанга оролгон өзгөчө жапайы кендир жыты бар күрөң жашыл түстөгү, майдаланган салмагы 70 грамды түзгөн заты (канабис);
– 3 даана ичи бош, сыртында медициналык этил спирти деп жазылган бөтөлкөлөрү болгон.

Жогоруда көрсөтүлгөн буюмдар далил зат катары алынган.

Аталган факт боюнча соттук-химиялык, соттук-балистикалык, соттук-дактилоскопиялык, соттук-криминалисттик экспертизалар дайындалган.

Учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар адамдардын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: