Menu

БШК талапкерлердин шайлоо фондундагы акча-каражаты туурасында кезектеги маалыматын жарыялады

Бөлүшүү:

БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу президенттикке талапкерлердин шайлоо фондусунан акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө 2017-жылдын 28-августуна карата маалыматын өз сайтына жарыялады.

Ага ылайык, фондунда эң эле көп акчасы бар талапкер Өмүрбек Бабанов. Анын фонду 52 200 000 сомду түзсө, анын 48 113 683 сому чыгымдаган.

Экинчи орунда Сооронбай Жээнбеков. 29 250 000 сомду фондуна салган бул талапкер болгону 8 920 981 сомун чыгымдалып, калган 20 329 019 сомун сактап койгон.

Андан кийин фондго 26 680 000 сом салган Бакыт Төрөбаев турат. Анын акчасынын 2 550 353 сомун чыгымдап, калган 24 129 647 сому азырынча сарптала элек.

Кийинки орунда 14 000 000 сом салган Темир Сариев. Анын 6 653 717 сому сарпталып, 7 346 283ү калды.

Толук маалыматты бул шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыздар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: