Казакстандын борбору Астанада көкпар боюнча өткөн дүйнө чемпионатында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы казактарга 1:4 эсебинде жеңилип, экинчи орунду алып калышы кыргыз коомчулугунда бир топ өйдө-төмөн сөздөрдү жаратууда. Себеби жалпысынан 12 команда катышкан бул чемпионатта кыргызстандык көкбөрүчүлөр өз тобунда атаандаштарын ири упайлар менен жеңип келип эле казактарга утулуп калышы ишенбестикти жаратууда. Ал тургай Казакстандын президенти Н.Назарбаев өзү катышкан финалдык оюнда кыргыз көкбөрүчүлөрүнүн утулуп бериши үчүн ар бирине 10 миң АКШ доллары сунушталгандыгы тууралуу сөздөр да чыгып кетти. Чындап эле казактар жеңилип калса, элбасынын алдында бир топ жер карап калмак. Бирок андай имиштерге өлкөнүн көк бөрү федерациясынын президенти Икрам Илмиянов чекит коюп, мындай пикирин билдирди: “Утулбай жүргөн команда же спортчу аз. Казактардын көкпар оюнунун эрежелери биздин көк бөрүдөн башкача болгонуна карабай, бул дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандыктар чеберчилигин көрсөтүштү. Максат орун алууда эмес, максат чеберчиликте. Оюнга катышуу өзү жеңиш. Айтылып жаткан божомол, калп сөздөрдүн баарына ар бир оюнчу кудайдын астында колдон келген чеберчилигин көрсөттү”.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ