Menu

“Ата-Мекенчи” Сайдулла Нышановдун логикасында жер каймактагандан бери Атамбаевдикиндей башкаруу, Исаковдукундай өкмөт болбоптур

Бөлүшүү:

Мезгилине жетпей төрөлгөндөрдү кыргызда “ара төрөлдү” деп коёт эмеспи. Анын сыңары жаңы өкмөт бекий электе эле “эрте төрөлүп” алгандар чыкпадыбы, чиркин.

Алардын логикасына таянсаң өмүрү, жер каймактагандан бери Атамбаевдикиндей башкаруу, анан Исаковдукундай өкмөт болбоптур. Анан да кызыгы бул “итийлердин” (ара төрөлгөндөрдү ушинтип да атап коюшат) иттей дымагы күчтүү экен. Көздөрү да туула электеле ачылып, антенна кармап алышыптыр. Мисалы, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Сайдулла Нышанов деген эргулдун логикасында, 25-августа өкмөт башчылыкка талапкер Сапар Исаков парламентте 60% колдоо алса, анда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодо жеңишке жетишет экен. Исаков 99 пайыз колдоо тапты. Ошондо Сооронбай Жээнбековду президент дей берелиби? Же Исаков Жээнбековду президент кылыш үчүн эле премьерликке келип атабы? Анда мамлекеттик машина иштебейт деген сөз кайда калат, Сайдулла баатыр? Же ушинтип сүйлөштүңөр беле?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: